Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттарга кайрылуу жасады.
"Жогорку Кеңештин 5-чакырылышы өз мөөнөтүн аягына чыгарган парламент болгон. Ал эми 6-чакырылыштын мөөнөтү бир жылга узарды. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары өздөрүнүн милдетин ашыгы менен аткарды деп таанууга болот. 5-чакырылышта тышкы карыз эң көп алынган. Алынган тышкы карыздын натыйжасыздыгы, коңшу өлкөлөр арасында чечилбеген таарынычтар, Бишкек ЖЭБди аварияга алып келген чуулгандуу окуяларды 6-чакырылыш талдап, жыйынтык чыгарды", - дейт Жапаров.