ЭЛДИК КАБАР: "Биздин аймакта дагы ок атылды. Уруш болсо кыштын күнү каякка качабыз?" дейт Лейлектин тургуну

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаштык айылынын тургуну кайрылды.

Окурман аталган аймакта чек ара маселеси качан чечилет деп олуттуу суроо салды.

"Бүгүн дагы биздин аймакта тажик чек арачылары тарабынан ок атылды. Биз, чек арадагы айылдарда жашагандар коркуп да калдык. Уруш болсо кыштын күнү каякка качабыз? Же чек ара маселесин чечишпеди", - деп билдирди жергиликтүү тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Take-72
2021-12-23 08:24:04
Качпай ошоерде кырчылдашып согушуп,оз уйун,оз жерин коргош керек.Баштала электе эле "каякка качабыз"дебей
0
zamir_kgz
2021-12-23 08:46:39
Take-72,Колунда курал жарагы болсо согушабы?
+5
JaneEr
2021-12-23 09:22:18
Take-72,сен барып ошент бул жерде акыл уйротпой
+3
Batken-i-love-you
2021-12-23 09:39:12
Таке-72, ансыз да 30 жылдан бери качпай, кырчылдашып, жерим деп чек арада бир карыш жылбай жашап келе жатышат.Колдорунда курал жок болсо да.
+4
Jelezo
2021-12-23 13:33:03
Чек арадагы элдерге чек арачы статусун берип эркектерди атайын даярдыктан өткөрүп курал менен камсыздоо керек.
+2
Alinur96kg
2021-12-23 18:28:07
Jelezo,чек араны ойлонгонго убакыт жок.Азыр шайлоо,футбол,ким каршы суйлосо камап ошол менен алек болуп атабыз.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан