Бюджет таңсыктыгын жабууга багытталган насыя каражаттарын алууга тыюу салынат

Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети бюджеттин жетишпеген бөлүгүн жабууга багытталган насыя каражаттарын алууга тыюу салуу чечимине келди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Талкууда депутат Элмира Жумалиева бюджеттик таңсыктыкты насыяга алынган каражат менен жабууга болбой тургандыгын билдирди. Аны депутат Өмүрбек Абдрахманов да колдоо менен, насыя каражаттарды ички түзүмдөрдү жакшыртуу багытында гана алуу керек экендигин айтты. 

Комитет мүчөлөрү жыйында жеңилдетилген насыя каражаты акчалай түрүндө гана алынсын деген чечимге келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан