Жогорку Кеңештин жаңы курамынын алгачкы сессиясы качан өтөрү белгисиз

Жогорку Кеңештин жаңы курамынын алгачкы сессиясы качан өтөрү белгисиз. Бул тууралуу SUPER.KG порталы парламенттин басма сөз катчысы Индира Куралбековага байланышканда белгилүү болду.

"Бардыгы Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушуна жараша жүрөт. Мандат тапшырылгандан кийин биз алгачкы отурумду пландайбыз. Болжолдуу түрдө качан өтөрүн айта албайбыз. Бул аптада өтөрү айтылган. Соттук процесстер жүрүп жаткандыктан өтпөй калды", - дейт Куралбекова.

Буга чейин 23-декабрда жаңы депутаттарга мандат бериле турганы айтылган. Ал эми бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын иши соңуна чыгары кабарланган.

Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттарына мандат тапшыруу убактылуу токтотулганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан