"Дордой" базарынын соодагерлери контролдук кассалык машина орнотууга каршы болушууда

Буга чейин өкмөт үйүнүн алдында "Таатан" соода борборунун соодагерлери митингге чыгышып, контролдук кассалык машина орнотууга каршы экендигин билдирип, патент менен иштей берүүнү суранышкан.

Ал эми бүгүн "Дордой" базарынын сатуучулары дал ушул талап менен нааразычылыктарын билдиришти.

Алардын айтымында, жаңы салык кодексинен бул пунктун алып салууну өтүнүп жатышат.

"Пандемияга байланыштуу чек аралар жабылып, соода жакшы болбой жатат. Товар айлантуу жок. Бул учурда соодагерлердин насыясы, карыздарын жабышы керек. Ижара, патент төлөшүбүз керек. Биз контролдук кассалык машина орнотууга каршыбыз", - деген соодагерлер.

Ошондой эле алар эгер талаптары аткарылбаса митингге чыгарын кошумчалап өтүштү.

Белгилей кетсек, жаңы Салык кодексинин долбоору боюнча, "Дордой" сыяктуу ири жана кичи базарларда контролдук кассалык машина (ККМ) менен соода кылуу милдеттендирилген.
Базарда кийим-кече саткандардан соода борборундагы дүкөндөргө окшоп ККМ колдонуп, кардарга чек берүү талап кылынат.
ККМ бул – мамлекеттин салык саясатына ылайык Салык кызматы ишке ашырган салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлорунун бири.

Бул долбоордун башкы максаты – ак ниет бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жарандардын бакубат турмушун жогорулатуу жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн камсыздоо болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
alimbek94
2021-12-23 15:44:33
Ушул салыкчылар өттү. Булар элди соруп салык салгандан башка эч нерсе билишпейби. Азыр баары кымбат. Соодагерлер да элдин катмары болуп эсептелинет. Алардын да үй-бүлөсү, жашоо түйшүгү бар.

Ашыкча салык жыйноо – бул каракчылыкка, чиновниктерди байытууга, мамлекеттин өлүмүнө алып барууга жол ачат.

Ашыкча салык - чиновниктерди гана байытат.
-17
Anara94
2021-12-23 15:48:23
alimbek94,Окмотко салык тологондон качып оз чонтогун ойлоп жатышат булар
+22
ErkinOkenovich
2021-12-23 16:03:53
alimbek94,эмне сен дагы соодагерсинби?эн туура чек бериш керек,супер маркеттер унчукпай эле чек менен иштеп жатышатко.Аллахтан корккула тениринерден эмес.карапайым эл кыйналып турат Ушул убакта.
+17
Anara94
2021-12-23 15:47:59
Каалаган баада сатып чек бербей возврат жок онуп калгансынарда,элди ойлобой элесинер
+24
Medina87
2021-12-23 18:08:49
Anara94,
Туптуура!
+11
Anara94
2021-12-23 15:48:11
Еще как коесунар. Москвада шаурма сатып алсанда берет чек.
+21
Medina87
2021-12-23 18:00:39
Anara94,
Алматыда эгер, чек бербесе НАЛОГОВАЯ ПОЛИЦИЯГА Арыз жазууга Акыныз бар!!
Себеби; Ошондой Закон бар!
+11
Rakyl12
2021-12-23 15:53:12
Мурда паттенттен кашчу эле эми толойлудеп калыптырго
+17
modem4999
2021-12-23 16:06:00
Rakyl12,патент толошмок беле налогывыйдын чонтогуно мин сом салат болду кетет. Мамлекетке бир сом да тушпойт.
+13
Taalaibek.
2021-12-23 16:36:14
Контролдук кассалык машинаны колдойбуз!
+15
Medina87
2021-12-23 18:07:18
КЫРГЫЗСТАН - Онугуп осуу учун башка Мамлекеттерге окшоп КОНТРОЛДУК КАССАЛЫК МАШИНАНЫ КОЛДОНУУ КЕРЕК!!
А то, Соодагерлер Арендасына шылтап Оздору Баа коюп сатып, Отукторун Торлоруно илип алышканы Эч Кимге да Жашыруун эмес!
+9
AdylbekB84
2021-12-23 18:11:34
Бир окшош эле буюум алсаң базардын ар жеринде ар башка цена, энесинин баасын койуп сатышат алсаң ал албасаң жок дешип, туура кылып жатат өкмөт, тартип орной турган убак келдиго дейм, саткан товарынан процент төлөгүсү келбей жатышат булар! Налог сол чөнтөкө кетип жатат!
+11
Baatirbek81
2021-12-23 19:28:20
Кыргызстандагы баардык базарларга койгула!
Эл колдойт!
+8
erkegenje
2021-12-23 20:53:13
Baatirbek81,туура айтасын Бут барын ошонтсин арендагаберген дерди да
+6
Asmat84
2021-12-23 22:38:57
Дагы деле элди кыйнамай болуп атат. Ошончо базарды ачкан Салымбеков Дордойдун жолун оңдоп койсо болот эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан