Кыргыз-Түрк ортосунда дипломатиялык байланыштардын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата эки мамлекет лидерлеринин биргелешкен билдирүүсү

Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда дипломатиялык байланыштардын түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Түркия Республикасы Кыргыз мамлекетинин эгемендигин биринчилерден болуп таанып, дипломатиялык байланыштарды орнотуп, биринчи элчилигин ачкан. 30 жыл аралыгында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер, жалпы тарых, маданият жана туугандык байланыштардын негизинде бардык тармактарда туруктуу жана тез өнүгүп келген.

2011-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку Кеңешин түзүлүшү жогорку деңгээлдеги саясий диалогду бекемдөө, экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жана ар тараптуу маданий жана гуманитардык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү жолу менен стратегиялык өнөктөштүктүн терең потенциалын ишке ашырууну андан ары тездетүү үчүн маанилүү окуя болуп калды.

Экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясы жана стратегиялык пландоо боюнча биргелешкен тобу сыяктуу кызматташуунун эффективдүү механизмдери жана жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз өз ара визиттери боордош өлкөлөрдүн эки тараптуу күн тартибин кеңейтүүгө жана жалпы кызыкчылыкты туудурган бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берди.

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы Түрк мамлекеттер уюмунун ролун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен ишти улантууда.

Эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, туруктуулугуна жана гүлдөп өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында дүйнөлүк аренадагы диалогго жана кызматташтыкка умтулуусун ырасташат", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан