Ошто көчөдө аялына кол көтөргөн судьяга эскертүү берилди

Буга чейин интернетке унаада аялын уруп жаткан кишинин видеосу тарап, катуу талкууга алынган. Бул факты Ош ШИИБинде каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Кийин жогорудагы адам Ош шаардык сотунда судья экени аныкталган.

Бүгүн, 23-декабрда судья Кылычбек Истамкуловго эскертүү берилгенин Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жубайы жаңы жылга байланыштуу отуруштан кийин кызуу абалында унааны айдаганы жатканда, судья аны токтотуунун аракетин көргөн. Ошондо аны белгисиз жаран видеого тартып алган. Кылычбек Истамкуловдун жубайы бул окуяда жасаган аракеттери туура эмес экенин түшүнүп, пикир келишпестик жоюлганын ырастады. Бул боюнча Жогорку Сот ишти териштирип, судьянын кынтыксыз болуусун эскертти", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан