"Акыркы көч" тасмасы Курдистандагы фестивалда "мыкты оператордук иш" номинациясын жеңди

Курдистанда (Ирак) өткөн Слемани эл аралык фестивалына катышкан "Акыркы көч" тасмасы байгеге ээ болду. Режиссёрлордун бири Дастан Жапар уулу билдиргендей, тасма "Мыкты оператордук иш" номинациясын жеңип алды.

"Фестивалдын уюштуруучуларына, калыстар тобуна чоң рахмат. Толкундануу дагы деле таркай элек. Эң мыктылар менен таймашканыбызга абдан кубанычтабыз. Тасманы тартуучу топко дагы ыраазычылык айтам", - деди ал.

Белгилей кетсек, фестиваль Курдистанда 17-23-декабрь аралыгында өтүп, анда "Акыркы көч" тасмасы сынактык программада көрсөтүлдү.

"Акыркы көч" тасмасы көптөгөн кинофестивалдарга катышып, Дакка эл аралык кинофестивалында Гран-прини жана Куала-Лумпурда атайын сыйлыкты алган, ошону менен катар Португалияда эки наам боюнча жеңүүчү болгон.

Тасманын режиссёру Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Usmanbekali
2021-12-24 14:57:40
Курдистан деген мамлекет жок....Ирак деп эле айткылачы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан