Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев Казакстандын "Биримдик" алтын медалы менен сыйланды

Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раевди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Биримдик" (Бiрлiк) алтын медалы менен сыйлады. Бул тууралуу жазуучунун жубайы Сагын Алиева SUPER.KG порталына маалымдады.

Маалыматка ылайык, жазуучу Султан Раев Казакстан менен кыргыз элинин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы, канатташ элдин ортосундагы ынтымакты бекмдөөгө жана ортодогу достук мамилелерди жакындаштырууга жана сактоого кошкон салымы үчүн сыйланган.

Эскерте кетсек, бул сыйлык Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен түзүлгөн. Ал Казакстан элинин ассамблеясынын коомдук сыйлыгы болуп саналат. Ошондой эле көптөгөн өлкөлөргө кеңири таанылган, коомдун кубаттоосуна ээ болгон казакстандык жана чет элдик жарандар сыйланат.

Султан Раев Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жоош айылында 1958-жылы туулган. Мектепти аяктаган соң Москвага барып Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна тапшыра албай калат. Анткени айылдан келген жигит окуу жайды 2-3 күн издеп жүрүп, сынакка катышууга үлгүргөн эмес. Аскер кызматын өтөп, 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган. Султан Раев өзүнүн чыгармачылыгында бир топ салмактуу чыгармаларды жаратты.

Анын "Жанжаза", "Топон" романы, "Күн кармаган бала", "Чаң жол" китептери орус, украин, француз, кытай тилине которулуп, жарык көргөн. Драмалары жергиликтүү жана чет элдик театрларга коюлуп, бир катар сыйлыктарга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан