ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: "Манастын экинчи версиясын төрөйм", "Бактыбыз түбөлүк болсун!". Уй жылында баш кошкон белгилүүлөр

2021-жылды жыйынтыктап жатып, "Бактыбыз тоодой болсун! Түбөлүгүбүз түз болуп, чогуу арып, чогуу карыйлы!" деген аруу тилек менен баш кошуп, үй-бүлө түптөгөн эл көзүндөгү адамдарды тизмектедик.

* Жыл башында эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков сүйүктүүсүнө баш кошту. Балбандын өмүрлүк жары Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарованын бир тууган эжеси.

* 10 жылдан ашык убакыттан кийин чыгармачылыгын жандантканын айтып, "Күтүү" аталышындагы ырын жаздырып, шоу-бизнеске аралаша баштаган Эрнис Турсунов март айында Айдай аттуу кызга баш кошот. Жубайы өзүнөн 10 жаш кичүү экенин айткан ырчы ушул эле айда үлпөт той өткөрөт.

* "Ордо сахна" этно-фольклордук театрынын мурунку ырчысы, "Мурас" фольклордук ансамблинин солисти, комузчу Айсаана Оморова июнь айында ак жоолук салынды. Ал Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлзат Байзаказовага келин болду.

* Бир катар образдарынын ичинен көпчүлүктүн эсинде кайнененин образы менен калган актёр Жаныш Майр сүйүктүүсү Алинага июнда баш кошот. Жаңы түптөлгөн үй-бүлө көпчүлүктөй эле үлпөт той өткөрүп, жакындарынан бата алышат.

* Көпчүлүктүн эсинде эпатаждуу образдары менен калган ырчы, обончу, модель, дизайнер-модельер Лира Seven турмуш жолуна аттанат. Түгөйлөр тар чөйрөдө баш кошушкан.

Лира айым гезитибизге маек берип, анда: “Манастын өзүн төрөй албайм, ал кайталангыс. Бирок экинчи версиясын, Манаска окшоштуктары бар баланы төрөй аларыма ишенем. Ал акылдуу, күчтүү болот, сатылып кеткен жерлерибизди кайра кайтарат. Мен ишенем”, - деген.

* Алып баруучу Нурзат Токтосунова өзүнөн 5 жаш улуу мырзага турмушка чыкканын ачыктайт. Баш кошкондоруна бир нече ай болгонун айткан Нурзат айым, кийинчерээк үй-бүлөсүндө толуктоо күтүп жатканын айтып чыккан.

* "Жылаңач баатыр" долбоорунун жеңүүчүсү, "Шаардык кыз Аида..." деп обон созгон ырчы Марс бойдокчулук менен сентябрда коштошуп, сүйүктүүсү Мээримди кыргыздын салты менен үйүнөн алып кетет. Ошол эле күнү кечинде эки жаштын үлпөт тою орун алат.

* Октябрда Айдана Деканын бир тууган агасы, ырчы Канат Деркембаев сүйүктүүсү Айзуурага баш кошуп, той өткөрдү. Ырчы мырза менен колуктусу Айзуура 1 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөндөн кийин баш кошууну чечишкен.

* Күркүрөгөн күздө баш кошкондордун арасында актёр Өмүрбек Израилов менен актриса Айсанат Эдигеева да бар. Кыз узатуудан көп өтпөй эле ак той орун алды. Эки жаштын тоюна театр жана кино актёрлорунун жоон тобу жана достору, жакындары катышып, кино режиссёр Айбек Дайырбеков өкүл ата болду.

* "Сен кат жаздың", "Закым", "Менин жаным" жана башка ырлары менен белгилүү болгон ырчы Минюра Рахимжанова 6-ноябрда турмуш жолуна аттанып, ак жоолук салынды. Анын кыз узатуу тою Таластагы тойканалардын биринде өтүп, заманбап үлпөт той Бишкекте белгиленди.

* Ноябрь айында дагы бир ырчы Салидинас келиндик жашоого аттанды. Ырчы Салидинас менен жолдошу заманбап үлпөт тойду борбор калаабыздагы тойканалардын биринде өткөрүп, калың элден бата алышты.

* "Жалбыз", "Адилет" сериалдарындагы ролдору менен таанылган актриса Алтынай Муканбетова ноябрда турмуш жолуна аттанды. Анын өмүрлүк жары актёр Бактыбек Нурмат уулу. Жаңы түптөлгөн үй-бүлөнүн тою белгиленип, эки жашка актёр Эржан Осмонов менен келинчеги өкүл ата, өкүл апа болушту.

* Ноябрдын аягында Эрлан Андашевдин "Ашыгым" аттуу ыры менен көпчүлүккө таанылган интернет жылдызы Саадат Жыргалбекова турмуш жолуна аттанып, бактылуу көз ирмемдери менен бөлүштү. Эки жашка өкүл ата Эрлан Андашев болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан