Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда министрлер кабинетинин жыйналышы өтүп жатат. Анда президент сөз сүйлөдү.
"Бул шайлоо бардыгына чоң сабак болду. Шайлоо маданияты мындан ары бизде өсөт. Шайлоодо кимдер өтөрүн көрдүк. Бир сом акча коротпой Эрулан Кокулов өттү, бир мандаттуу округдан акчасы жок акын Мирлан Самыйкожо өттү. Булар бир күн да мамлекеттик кызматта иштебеген балдар, жаштар. Шайлоонун шарттары мындан ары да өзгөрөт, күчөтүлөт. Үгүт иштериндеги каталыктарды бардык катышуучулар түшүндү. Талапкер эмненин үстүнөн иштөө керектигин түшүндү. Азыр бирөөлөрдүн огородуна таш ыргытуу, жамандоо же ушактарды таркатуу эмес, өнүктүрүү программалары менен элди көбүрөөк тааныштыруу жаңы кадам болууда. Куру убадаларга эч ким ишенбейт. Эл бирөөнү каралоого муктаж эмес. Бирөөлөрдү жамандоо позициясынан эл анын деңгээлин гана көрүп жатат. Жамандаган сайын атаандаштарынын кадыр-баркын көтөрүп, даңкын күчөтөт. Шайлоодо эл өзү иргеп, тандап алды. Эл мыктынын мыктысын тандады. Биз аны көрдүк. Шайлоого аттанган талапкерлер өздөрүнүн чыныгы салмагын көрдү. Азыр элибиз өзгөрдү", - дейт Садыр Жапаров.