Социалдык өнүктүрүү министрлигинде 9 айда 33 укуктук-ченемдик актылар иштелип чыккан

9 ай ичинде Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан 33 укуктук-ченемдик актылар иштелип чыгып, жыйынтыгында өкмөт 1 мыйзам жана 20 чечим кабыл алган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Азыркы учурда 12 укуктук-ченемдик актылар даярдалып жатканы айтылды. Маалыматка таянсак, бул укуктук-ченемдик актылар социалдык жактан камсыз болбогон (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, абалы начар үй-бүлөлөр жана балдар, карылар) жарандардын жашоосун жакшыртууга жана коррупцияны кыскартууга багытталган. Бул максатта министрлик 2013-жылдын 1-ноябрынан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кирешесин (жөлөк пулдарды) 580 сомдон 640 сомго чейин жогорулаткан. Мындан тышкары 90 мекемелер аралык буйрук жана жарлыктар кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан