Бишкектин борборундагы атышуу боюнча кармалгандар 2 айга СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, чечимди Свердлов райондук соту чыгарды.
Окуя 22-декабрь күнү саат 20:58 чамасында болгон.
"Адамдардын ортосунда уруш ок атуучу курал колдонуудан улам чыккан. Окуя болгон жерди кароо учурунда травматикалык тапанча жана үч патрон, тапанча гильзалар менен табылган. Учурда "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1983-жылы туулган М.А., 1988-жылы туулган А.Г., 1987-жылы туулган А.Т., 1993-жылы туулган А.Т., 1991-жылы туулган Д.Н. жана 1988-жылы туулган А.Т. кармалган.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.