Ош шаарында 25-26-декабрь күндөрү "Алыш" спорт комплексинде Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча Эл аралык турнир өтүп жатат. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.
Мелдешти ачып берүү аземине вице-мэр Венера Рыскулова, грек-рим күрөшү боюнча Ош шаардык жана облустук федерациянын президенти Семетей Козуев, спортчулар жана машыктыруучулар катышты.
Турнирде Кыргыз мамлекети, Казакстан, Өзбекстандан 300дөн ашык спортчу күч сынашууда. Ошондой эле Акжол Махмудов жана башка спорт чеберлери бар.
Мелдештин жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланат.