ЖЫЛНААМА, 27-ДЕКАБРЬ: Паспорттук-визалык көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Паспорттук-визалык көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Жыл сайын 27-декабрда өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Паспорттук-визалык көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет.

1932-жылы 27-декабрда СССРдин Эл комиссарлар кеңеши жана Борбордук аткаруу комитети "ССР Союзу боюнча бирдиктүү паспорт системасын түзүү жөнүндө" жана паспортторду каттоо боюнча токтом кабыл алган. Ушул окуяга байланыштуу бул күн майрам катары белгиленип калган.

2000-жылы Кыргыз мамлекетинин Паспорттук-визалык иш бөлүмү башкармалык болуп түзүлүп, ал эми 2006-жылы 30-майда Президенттин указы менен Паспорттук-визалык көзөмөл департаменти деп өзгөртүлгөн. 2008-жылы 9-октябрда Паспорттук-визалык көзөмөл департаменти кайрадан башкармалык болуп түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан