Саясатчы Равшан Жээнбеков эркиндикке чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады.
"Мен бүгүн мыйзамга ылайык, жаңы күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесине ылайык эркиндикке чыктым. Эркиндик баалуу нерсе. Мени колдогон тарапташтарыма ыраазычылык билдирем", - деди ал.
Ал кызы менен түшкөн видеосун жарыялады.