Бишкекте аутизм көйгөйлөрү боюнча эл аралык конференция өтөт

Бишкекте 20-22-ноябрда Кыргызстандагы аутизм көйгөйлөрү боюнча эл аралык конференция өтөт. “Колдогу кол” аутизмден жабыркаган балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмеси билдиргендей, Кыргызстандагы жаш балдардын 1 пайызы же 24 миң бала аталган ооруга чалдыккан. Бирок буга чейин бул ооруга олуттуу мамиле жасалган эмес. 
 
Иш-чарада аутизмди дарылоодогу чет өлкөлүк тажрыйбалар көрсөтүлөт. Конференцияга Швейцария, АКШ, Украина, Монголия, Грузия, Албания, Казакстан, жана Тажикстандан ата-энелердин бирикмелери катышат. 
 
200дөн ашуун өкүлдөрдүн катышуусунда өтүүчү конференциянын максаты - тажрыйба алмашуу гана эмес, Кыргызстанда тийиштүү көңүл бурулбай келген социалдык, медициналык көйгөйдү коомчулукка алып чыгуу. 
 
Аутизм – балдардын өсүп келе жаткандагы нерв системинин бузулушу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан