Кассалык аппаратка эле эмес. Ишкерлер эмнеге жаңы Салык кодексине каршы чыгып жатканын айтышты

Бүгүн, 27-декабрда жаңы Салык кодексине нааразы болгон ишкерлер өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.

Алар азыр президенттин кароосунда турган мыйзам долбоорунда алешемдиктер көп деген пикирлерин айтышып, өлкө башчысынан аны артка кайтарууну өтүнүштү.

Алар "митингге чыккандар кассалык аппаратка эле каршы" деген түшүнүк калыптанып бара жатканын, бирок бул туура эместигин айтышат.

Алардын айтымында, жаңы кодекс ишке кире турган болсо Салык кызматы кол тийбес, өтө коррупциялашкан түзүмгө айланат. Ошондой эле жаңы кодекс, ишкерлер менен элдин чөнтөгүнө кол салып, баалардын кескин кымбаттоосуна алып келет.

Кассалык аппарат сыяктуу оңтойсуз эрежелери соода тармагында баш аламандыктарды жаратат дешет нааразы болгондор.

Митингге чыккан ишкерлердин талабы менен төмөнкү видеодон кеңири тааныша аласыздар:

Жаңы салык кодексине нааразы болгон ишкерлер митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baisogur
2021-12-27 20:43:47
Чекеден акылдуу президентке акыл уйротот баары
0
Taalaibek.
2021-12-27 21:10:27
Базарларды жоюуш керек. Универмагдарды кобойтуш керек.
0
Sanjura
2021-12-27 22:17:19
Кыргызстанда 50 пайызы эле адамдар базар менен жан бакса керек.тачкист, таксист,маршрутка,парковшик,садака сурагандар, сатуучулар,официант,ашпозчу,дыйкан,кафе иштеткен деги койчу баары ушул базар менен жан багат.(Таалайбек колдонуучу)Базарды жапса кайдан ушунча кишиге жумуш орду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан