Биринчи Май жана Свердлов округдарында кайра шайлоо өткөрүүгө 18,5 миң сомго жакын каражат сарпталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-февралга белгиленген Биринчи Май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоону өткөрүүгө 18 миң 486 сом сарпталат. Анын ичинен 6 миң 215 сом Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары, калганы округдарга бөлүнөт.
Ноябрь айындагы парламенттик шайлоодо Бишкек шаарынын Биринчи Май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында шайлоочулардын көпчүлүгү "баарына каршы" добуш берген. Мындай учурда мыйзамга ылайык, кайра шайлоо жарыяланат.