ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2021: Дүйнөнү таң калтырган кыргыз балбандары, бир жылда эки жолу атаандашын сулаткан Валентина Шевченко... Кыргыз спортчуларынын жыл ичиндеги ийгиликтери

2020-жыл баарыбызга белгилүү болгондой эле коронавирус пандемиясынан улам көптөгөн спорттук мелдештер токтотулуп, айрым турнирлер 2021-жылга жылдырылган. Алсак, ошол эле төрт жылда бир келчү жайкы олимпиада оюндары жана футбол боюнча Европа чемпиондугу 2021-жылга жылдырылган.

2021-жылдын февраль айында Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнир болду. Турнирге 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова финалда жергиликтүү балбан кыз менен кез келди. Айсулуу Тыныбекова беттештин биринчи бөлүгүндө атаандашына далысы килемге таза басылып, утулуп кала жаздады.

Экинчи бөлүктө Айсулуу Тыныбекова керектүү болгон 4 упайлык ыкманы жасап, 9:7 эсебинде жергиликтүү балбанды жеңди. Муну менен Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта алтын медалга ээ болду.

Ушул эле турнирге грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков финалга чейин жетип, финалда ирандык Али Реза Нежатиге жеңилип калган.

Март айында "Нооруз" майрамына арналган көк бөрү боюнча турнир болуп өттү. Анда Биринчи Лиганын финалында Ысык-Көлдүн "Жети-Өгүз" командасы менен Таластын "Кара-Буура" командасы кез келип, оюн 1:0 эсебинде "Кара-Буура" командасынын жеңиши менен аяктады. Муну менен "Кара-Буура" командасы Жогорку Лигага өткөн.

Ушул эле турнирдин Жогорку Лигадагы оюнунун финалында "Достук" - "Ынтымак" командалары кез келди. Бүйүр кызыткан беттештин 3-бөлүгүндө эсеп саны 4:4 менен аяктап, командаларга кошумча убакыт берилди. Анда да жеңүүчү аныкталбай буллит орун алды.

Анда "Ынтымак" 6:5 эсеби менен жеңишке жетип, Жогорку Лигада чемпион аталды.

Апрель айында коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турнири болуп өттү. Бул тандап алуу турнири кыргыз балбандары үчүн ийгиликтүү болду.

Алсак, бул турнир Кыргыз курамасынын пайдасына Олимпиадага 6 жолдомону алып келди. Жолдомону Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Эрназар Акматалиев, Үзүр Жусупбеков, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы жолдомо утушту.

Ушул эле апрель айында Бишкекте алгачкы жолу Азия жана Океания чемпиондугу "Газпром – балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда болуп өттү. Чемпиондукка 30дан ашык Азия мамлекеттеринен 400-500 спортчу катышты.

Бул чемпиондукта кыргыз дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу 60 килограмм салмакта дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын коло байгесин жеңсе, 81 килограмм салмакта катышкан Владимир Золоев алтын байге жеңди.

25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында UFC 261 турнири өттү жана бул турнирде UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мушкер Жессика Андрадеге каршы бешинчи ирет чемпиондук наамын коргоду. Шевченко атаандашынын үстүнөн беттештин экинчи бөлүгүндө техникалык нокаут менен жеңишке жетти.

25-апрелде фехтование боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Роман Петров Ташкент шаарында өткөн Азия-Тынч океан квалификациялык мелдешине катышкан.

Мелдеште спортчу 1-орунду ээлеп, Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды.
6-майда Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу боюнча дүйнөлүк лицензиялык турнир старт алды. Бул лицензиялык турнирге кыргыз балбандары Алмаз Сманбеков, Арсалан Будажапов, Саякбай Усупов жана Айаал Лазарев катышып, бардыгы тең жеңилүү ызасын тартышкан. Бирок кийинчерээек Айаал Лазарев жеңилип калган индиялык Сумит Малик аттуу балбандан допинг аныкталган. Мындан улам Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) аны жолдомосунан ажыраткан жана жолдомо автоматтык түрдө кыргыз балбанына берилген.
19-майда Арстанбек Базаркулов үч лицензиялык мелдешке катышуусунун жыйынтыгы боюнча паралимпиадалык нормативди аткарып, жолдомо алган. Ал Паралимпиада оюндарына жеңил атлетика боюнча (ядрону түртүү) биринчи лицензияга ээ болду.
7-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япониянын Осака шаарында Монголия курамасына каршы беттеш өткөрүп, 1:0 эсебинде жеңилди.
11-июнда ушул эле шаарда Кыргыз улуттук курамасы Мьянма курамасына каршы ойноду. Оюн 8:1 эсебинде "Ак шумкарлардын" пайдасында аяктады.
15-июнда Япониянын Суита шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япония курамасына каршы ойноду. Оюн 5:1 эсебинде Япониянын пайдасында аяктап, Кыргыз курамасы Дүйнө чемпиондугуна болгон үмүттү расмий токтотту.
12-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалы Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда болуп өттү. Анда Англия курамасы менен Италия кез келип, Италия пенальтилер сериясында Англияны жеңип, Европа чемпиону аталды.
13-июлда өлкө тарыхында биринчи жолу көзү азиз дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.
23-июлда Япониянын борбору Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Кыргыз өлкөсү парадда 56-номер менен чыгып, өлкө желегин суучул Денис Петрашов менен Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыкты.

24-июль күнү ок атуучу Каныкей Кубанычбекова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы оюнун жыйынтыктады. Кыргыз ок атуучусу Олимпиадада 612,8 упай топтоп, 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи.

Ушул эле күнү кыргыз суучулу Денис Петрашов "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында 100 метр аралыкта брасс стилиндеги сууда сүзүүсүн жыйынтыктады.

Петрашов брасс стилинде сууда сүзүүдө 100 метр аралыкты 1 мүнөт 23 миллисекундада сүзүп өтүп, 8 спортчунун ичинен 3-орунда келген. Бирок бул аралыкта жарым финалга эң жакшы убактысы бар 16 спортчу чыкты. Тизмедеги эң акыркы болуп жарым финалга чыккан спортчунун убактысы 59 секунд 83 миллисекунданы түздү.

Муну менен кыргыз суучулу Олимпиадада 100 метр аралыкта брасс стилинде сүзүүнүн жарым финалына өтпөй, ушул аралыкта катышкан 49 спортчунун ичинен 27-орунду ээлеп, жүрүшүн токтотту.

26-июлда Фехтование боюнча Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан Роман Петров 32-орунду камсыздады.

Кыргыз спортчусу Олимпиададагы алгачкы жүрүшүн 1/32 финалда баштап, анда түштүк кореялык Сегеон Ма аттуу спортчу менен кез келип, атаандашын 15:7 эсебинде жеңип, 1/16 финалга чыккан. 1/16 финалда Роман Петров япониялык спортчу Ямада Масаруну менен кез келип, атаандашына 15:13 эсебинде жеңилип калган.

27-июлда кыргыз дзюдочусу Владимир Золоев "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында беттешке чыгып, анда 1/16 финалда орусиялык Алан Хубецовго жеңилип калды.

31-июлда кыргыз оор атлетчиси Бекдөөлөт Расулбеков Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында өз күчүн сынады.

Кыргыз оор атлетчиси мелдешке 96 килограммга чейинки салмакта катышып, штанганы жулкуп көтөрүүдө 166 килограмм, түртүп көтөрүүдө 208 килограмм көтөрүп, жалпы 374 килограмм көтөрдү.

Муну менен кыргыз оор атлетчиси 14 спортчунун ичинен 6-орунду камсыздады.

Бул салмак категорияда алтын байге Катар өлкөсүнө кетти.

1-августта Айпери Медет кызы менен Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарында килемге чыкты. Анда Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда молдавалык Виктор Чобануга 8:0 эсебинде жеңилсе, Айпери Медет кызы жарым финалда америкалык балбан кыз менен кез келип, 3:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.

3-августта Токио Олимпиадасынын 12-күндүк мелдештери уланды. Бул күнү Олимпиадага күрөштүн грек-рим түрү боюнча 87 килограмм салмакта катышкан Атабек Азисбеков менен 97 килограмм салмакта катышкан Үзүр Жусупбеков килемге чыгып, эки балбан тең жеңилүү ызасын тартты.

3-августта UFC уюмунун жылдызы, атактуу жеңилбес мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө келди.

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов 3-августта финалда беттешке чыкты. Анда ал венгриялык фаворит балбандардын бири Тамас Лоренц менен кез келип, атаандашына 2:1 эсебинде жеңилип күмүш медалга ээ болду.

4-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль утту.

5-августта Олимпиадага эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Айаал Лазарев килемге чыкты. Ал алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда америкалык Дэн Стивенсон аттуу балбанга 10:0 эсебинде утулду.

6-августта эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда 2019-жылы Азия чемпиону болгон индиялык Бажранг Пуния аттуу балбан менен кез келип, 3:3 эсебинде жеңилип калды.

10-августта атактуу аргентиналык футболчу Лионель Месси "Барселона" клубунун футболчулары менен коштошуп, клубдун базасынан чыгып кетти. 11-августта Месс "ПСЖ" клубу менен келишим түздү.

26-августта Ысык-Көл облусунун Корумду айылында ММА боюнча Азия чемпиондугу старт алды. Азия чемпиондугу 26-августтан 29-августка чейин өтөт. Азия чемпиондугуна жалпы 12 өлкөдөн 140 мушкер катышты.

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Бишкек шаарында Палестина жана Бангладеш курамалары менен биргеликте өткөн "Үч улут Кубогун жеңип алды.

"Ак шумкарлар" 2-сентябрда Палестинаны 1:0 эсеби менен жеңсе, 7-сентябрда Бангладешти 4:1 эсебинде жеңип, 6 упай топтоп, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Экинчи орунга Палестина курамасы 3 упай менен жайгашса, үчүнчүгө Бангладеш курама командасы жайгашты.

26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 266 турнири өтүүдө жана бул турнирде UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко америкалык мушкер Лорен Мёрфиге каршы алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоду.

Шевченко беттештин төртүнчү бөлүгүндө атаандашын техникалык нокаутка учуратты.

2-октябрь күнү Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды.

Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова алтын байге утса, Эрназар Акматалиев менен Жоламан Шаршенбеков коло медалга ээ болду. Ал эми, 65 килограмм салмакта катышкан Алибек Осмонов коло байге утту.

1-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды.

Бул Дүйнө чемпиондугунда Эрназар Акматалиев менен Айпери Медет кызы алтын байге утса, Бекболот Мырзаназар уулу күмүш байгеге ээ болду.

3-декабрда тоо-лыжа спорту боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Максим Гордеев 2022-жылы Пекинде өтө турган XXIV Кышкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

23-декабрда Дүйнөлүк күрөш уюму 2021-жылы күрөштө орун алган урунттуу окуялардын катарына Акжол Махмудовдун "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында финалга чыгуусун дагы кошту.

Акжол Махмудовду улай эле аталган уюм кыргыз балбан кыздарын 2021-жылы ачылыш жасаган балбандардын бештигине киргизди.

24-декабрда Дүйнөлүк күрөш уюму кыргыз балбаны Эрназар Акматалиевдин өзбекстандык Ильяс Бекбулатовду көтөрүп чапканын "2021-жылдагы мыкты учур" деп атады.







РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан