Ички иштер министрлиги тарабынан 11 ай аралыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3,5 тоннадан ашык баңгизаттар алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча ушул жылы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө 1206 кылмыш жана жорук катталган.
"2021-жылдын 11 ай ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген 13 чет өлкөлүк жаран кармалган", - деп жазылат маалыматта.