Жогорку Сот БШКнын Медербек Саккараевдин талапкерлигин алуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жогорку Сотто Саккараевдин арызы бүгүн, 28-декабрда каралган. Анын жыйынтыгы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 18-декабрдагы Медербек Саккараевдин талапкерлигин алып салуу тууралуу чечимин мыйзамсыз деп таап, жокко чыгарган.
БШК 18-декабрда Саккараевдин казак жарандыгы бардыгы такталган деген негизде, аны талапкер катары каттоо тууралуу чечимди жокко чыгарган. Буга нааразы болгон саясатчы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту анын арызын канааттандырган эмес.
28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо №31 Чүй-Кемин округунан Саккараев эң көп добуш алган.