реклама
super.kg logo

Гүлжайна Атаканова: "Кызымдын бала менен кат алышып жатканын көрүп чаап, эшикке түртүп чыгаргам"

 

Кызын катуу тартипте кармагандардын катарындагы энемин деген куудул, тамада, актриса Гүлжайна Атаканова SUPER.КG порталынын маек төрүндө болду. Ал кызы Элеанораны тарбиялоосу, балалыгы кандай өткөнү тууралуу баяндады.


"Сиңдилүү болгонумда 10-15 мүнөткө чейин эмне кыларымды билбей турдум. Анан ыйлап, апама чалып "кыялымды орундатканыңызга рахмат" деп айткам. Төрөтканага барып келе жатканда унаадан чын эле бир туугандуу болдум деп ыйлагам", - дейт Элеанора.

Куудулдун кызы учурда 16 жашта. Кызы менен сыймыктанарын айткан Гүлжайна айым буларга токтолду.

"Кудайга шүгүр, кызым менен сыймыктанам. Экинчи кызым деле Элеаноранын жолун жолдосо экен дейм. Кээ бир кыздарды көргөндө ата-энесин аяйм. Курсагын көрсөтүп, кыска кийинип, жумуртка кууруй албайм дешет. Мен кызымды туура тарбиялап жатам деп айта алам. Эртең башка үйгө бүлө болуп барганда тамак жасай албай, үйдү таза кармай албаса "апасы артист да, апасы гастролдоп жүрсө кызы ушу да" деген сөздөн корком. Кызымдын эртеңки келечеги үчүн азыртадан кам көрөм. Кызымды түйшүкчүл кылып салдым дебейм. Келечекте жүзү жарык болуш үчүн, мага сөз тийбеш үчүн жасап жатам.

Кызым көңүл ачуучу жайларга барбайт. Сабактан дагы убакыт, сааты менен келет. Окуу ийримдерине катышам десе тыйбайм.

9-классында бир бала менен жазышып жатканын окуп калып, чаап туруп, эшикке түртүп чыгардым. "Эмитен балдар менен ушинтип жазышсаң жогол" дедим. Ошондо буту чоюлуп калыптыр. Иним менен ооруканага алып барып, көрсөтүп жүрүп "катуураак айтсам эле болмок экен, түртүп ийбей" деп өкүнүп калгам. Кызыма балалык доорду татыктуу сүр деп айтам. Балдар менен сүйлөшкөнүнө мектепти аяктаганча караманча каршымын. Ошол үчүн телефонун тез-тез текшерип турам. Мен Элеаноранын бир эле адам менен сүйлөшүп, мамиле куруп, турмушка чыгуусун каалайм", - дейт ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(9)
28.12.2021. 20:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
23-08-2021
Соӊку аракети:
20-01-2022 15:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
insta:nazik_cb
+11
Аллергия
28.12.2021. 22:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
26-08-2021
Соӊку аракети:
20-01-2022 23:17
Жынысы:
Белгисиз
+12
Улуу кызына мээрим токконун такыр корбойсун го роддомдон чыкканда да байкуш кыз ыйлап микрофонго суйлоп жатса Гулжайна укмаксан кишидей ары Бер кышандап башкалар менен суйлошуп турду эле
29.12.2021. 00:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1119
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
20-01-2022 16:39
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кызына бакыт каалайм.
29.12.2021. 03:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
440
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
21-01-2022 02:36
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мактантып эле койсо.Энесин коруп кызын ал дейт.Сени эл билбейт да ээ.Жалжандаганын жалжандаган.Сени тартпасын кызын кантсе да.Ата тарсбын тартып токтоо салмактуу болсун.
29.12.2021. 10:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
216
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
19-01-2022 20:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+3
mira28,бетме-бет отуруп суйлошуп кордун беле
29.12.2021. 03:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
425
Катталган:
07-08-2017
Соӊку аракети:
21-01-2022 00:09
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыргызстанда точно жанылык жок тугонуп калган экенине ишендимм.
29.12.2021. 14:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
266
Катталган:
02-12-2018
Соӊку аракети:
20-01-2022 23:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Alinur96kg,э тууганым чыдай тур,жаны депутаттар келди, эми зерикпейбиз
29.12.2021. 09:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1627
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
21-01-2022 00:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне бул да кызын алып чыгайын деп даярдык көрүп атабы, секин секин кызын экранга үйрөтүп. Эмнеге кызын кошо алып келди болбосом. Анан ушу кызды чыгарып турбаса супер инфонун ишитоктоп калабы.
29.12.2021. 09:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3192
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
20-01-2022 21:07
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызым 16га чыкты деп реклама кылганы келдинби?Мен катуу тарбиялайм,кызым жакшы,жигиттер барсынарбы деп койбопсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
184292;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: