Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Москва
шаарында 18-ноябрь күнү Орусиядагы кыргыз диаспораларынын лидерлери
менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы Москвага Кыргызстандан социалдык топ келерин айтты.
Алар орусиялык кесиптештери менен биргеликте Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдө эмгек мигранттарынын абалын жеңилдетүү максатында иш алып барарын кошумчалады.
“Орусиянын аймагында иштегиси келген биздин жарандарды
даярдоо үчүн Кыргызстанда 5 техникалык лицей тандалып алынды.
Эмгек мигранттарын даярдап, керектүү адистиктерге окутуу жана чет өлкөгө келгенде укуктарын коргоо
аспектилерине көңүл буруу зарыл. Аталган процесс жумушчуларды тандап
алуудан баштап, ишке орноштурууга чейин жакшы уюшулуусу
керек. Эгерде өз алдынча келсе, кандайдыр бир көйгөйлөргө туш болуусу мүмкүн.
Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын акыркы маалыматына ылайык, 28 600
мекендешибиз "кара тизмеде" турат. Биз алардын аты-жөнүн берүүнү сурадык”,- деди Сатыбалдиев.