Санкт-Петербург шаарында КМШ башчылары коронавирус илдетин жеңүү маселесин талкуулашты

Санкт-Петербургда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги катышуучу-мамлекеттер башчыларынын салттуу бейформал жолугушуусу болуп өттү. Бул туурасында президенттик администрациядан бүгүн, 28-декабрда кабарлашты.

Иш-чараны демилгелеген Орусиянын президенти Владимир Путин катышуучулар менен учурашып, өткөн жылдар КМШны түзүүнүн негиздүүлүгүн көрсөткөнүн, анын алкагында өлкөлөр ортосундагы интеграция ар кандай багытта тереңдеп баратканын белгиледи.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугу чөйрөсүн коргоо боюнча Федералдык кызматтын жетекчиси — Орусиянын мамлекеттик башкы санитардык дарыгери Анна Попова КМШ чөлкөмүндө биологиялык коопсуздук жөнүндө баяндама жасады. Өлкө башчылары ооруну жеңүү боюнча биргелешкен иш-чаралар тууралуу пикир алмашып, өз ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

Бейформал саммитке Беларустун президенти Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстанднын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан