Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары алгачкы жыйынга чогула башташты.
Жогорку Кеңештин имаратына кирип жатып Эрулан Кокулов журналисттердин кандай унаа менен келдиңиз деген суроосуна төмөнкүдөй жооп берди.
"Жөө келдим. Негизи эле жөө жүргөнгө аракет кылам.
Унаам бар. Ал "Не сахар" долбооруна керек, мага анчалык деле кереги жок", - деп билдирди ал.
Белгилей өтсөк, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн.