Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактардан билдиришкен.
Талант Мамытов журналисттерге бул боюнча өзү жооп берди. "Фракция чечет. Андан кийин карап көрөбүз", - деди ал.
Бүгүн, 29-декабрь саат 11:00дө парламент имаратында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтөт. Алгачкы жыйынды жаңы депутат Шарапаткан Мажитова алып барат. Парламенттин алгачкы жыйынын депутаттардын эң аксакалы ачат. Ошону менен катар эле төрага шайланганга чейин жыйынды алып барат.