Бүгүн, 29-декабрь саат 11:00дө парламент имаратында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өттү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жаңы депутаттарды куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.
Жогорку Кеңештин алгачкы жыйыны ачык деп жарыяланып, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.
Алгачкы жыйынды жаңы депутат Шарапаткан Мажитова алып барды. Парламенттин алгачкы жыйынын депутаттардын эң аксакалы ачат. Ошону менен катар эле төрага шайланганга чейин жыйынды алып барат.