"Кабинети жок жүрөбүз, кайсы жактан фракциянын жыйындарын өткөрөбүз?" - деп бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.
"Фракциянын тизмесин берүү маселе эмес, маселе мыйзамда. Мыйзам өзүнүн орду менен кетиши керек. Биз фракциянын жыйынын өткөрүшүбүз керек. Биздин кире турган кабинетибиз жок болсо, кайда отуруп жыйын өткөрөбүз. Чечимдерди кабыл алыш үчүн адамдар отура турган жер болуш керек да. Отура турган кабинетиң, кагазың жок жыйынды кайдан өткөрөбүз? Биз келе калып кабинет ээлей калган фракция эмеспиз. Мурунку чакырылыштын кабинеттен чыкпай жаткандары бар. Биздин фракциянын 2 депутатынын эле кабинети бар. Калганынын кабинети жок", - деди Мадумаров.