Жыл башында электр-энергия тармагында абал туруктуу болуп энергетикалык кризистен кабар жок эле. Бирок дүйнө өлкөлөрүнө келген бул тармактагы кризис биздин өлкөгө да келбей койгон жок.
2021-жылдын январь айынын башында "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы Токтогул ГЭСинде суу жетиштүү экендигин билдирген.
"Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли жөнүндө маалымат күн сайын өлкөнүн бардык маалымат берүүчү булактарында жарыяланып турат. Мындан тышкары, "Электр станциялары" ААКсынын расмий сайтына онлайн камера жайгаштырылган. Ал суу төгүлүп жаткан жолдордун иштешин реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Суу сактагычтагы суунун деңгээли жөнүндө бардык маалыматтар ачык. Аны көз карандысыз эксперттер жана суунун көлөмүн эсептөө боюнча минималдуу көндүмдөргө ээ болгон адистер тастыктай алышат. Суунун суткалык агып киришине, чыгымдалышына жана деңгээлине ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар көз салат", - деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.
Ошондой эле 7-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 927 миллион куб метрди түзгөндүгү маалымдалган. Суунун агып кириши секундасына 154 куб метрди түзүп, ылдамдыгы секундасына 857 куб метрди көрсөтүп турган.
23-март күнү Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кооптуу чекке жеткендигин айткан.
Министрдин айтымында, 8,7 миллиард куб - бул өтө төмөн деңгээл. "Эгер шашылыш чаралар көрүлбөсө, 2022-жылы суунун көлөмү 5,5 миллиард кубга чейин төмөндөп кетиши мүмкүн. Бул абалдан чыгуунун үч жолу бар: электрди сырттан импорттоп келүү, ички генерацияны көбөйтүү же ички керектөөнү азайтуу керек", - деген министр.
Министр тарифтердин бөлүнүшүн төмөнкүдөй түшүндүрүп берген.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, чыныгы муктаждарга 74 тыйын;
Алыскы, тоолуу райондордо жашагандарга (климаттык шарты оор) 1 сом 40 тыйын болмокчу;
Өндүрүш жана айыл чарба тармагындагыларга 2 сом 38 тыйын болот.
Бул баалар гидроэлектростанциянын өздүк наркы менен эсептелгендиги кошумчаланган.
16-июнь күнү Энергетика жана өнөр жай министрлиги министрлер кабинетинин 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга койду.
Анда 2021-жылдын сентябрь айынан баштап электр энергиясына болгон баа бир киловатт саатына 1 сом 9 тыйындан эсептелип баштаары, эгерде миң киловатт сааттан ашса, анда 2 сом 52 тыйындан эсептелинери жазылган.
29-сентябрда "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы өлкөдө сейил бактардын, кафе, ресторандардын көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөрүн кабарлаган. Коомдун кызуу талкуусуна алынып, каршы пикирлер айтылгандан кийин Энергетика жана өнөр-жай министрлигиндеги башкармалыктын башчысы Айбек Айдаралиев көчөлөрдөгү электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча түшүндүрмө берген.
1-октябрь күнү энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйында "Тажикстандан электр энергиясын алып жатабыз", - деп билдирген.
"Коңшу өлкөлөргө ыраазычылык билдиришибиз керек. Тажикстандык кесиптештер бизге кайрылышып электр энергия берели дегенден кийин макулдугубузду бердик. Бүгүндөн баштап түштүк аймактарга Тажикстандан электр энергиясы бериле баштады. Сатып алабыз", - деген ал.
4-октябрда түнкүсүн Бишкектин көчөлөрүндөгү жарыктарга чектөө кайра киргизилбей турган болду.
Октябрь айында маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда электр жарыгын убак-убагы менен өчүрүүлөр болуп жатканы калктын нааразычылыгын жаратып жатканы кабарланган. Андан кийин Энергетика жана өнөр-жай министрлиги электр энергиясын убак-убагы менен өчүрүүгө жол берилбестигин маалымдашкан.
Ал эми ноябрдагы электр энергиясын чектөөгө ылайык, бир фазалуу колдонуучуларга 5 киловаттык, ал эми үч фазалууларга 10 киловаттык чектөө коюлган.
Чектөөгө ылайык:
Президенттин тапшырмасына ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр кубаты үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта 50 тыйындан төлөнөрү айтылган.
Декабрь айында Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев: "Активдүү сүйлөшүү саясатыбыздын натыйжасында коңшулар бул жылы бизге былтыркыга салыштырмалуу сууну көп берди", - деп айткан.
Коңшу Казакстан Токтогул суу сактагычынан сугат маалында суу алганы тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин жолугушуусу учурунда айтылган.
Андан соң бул боюнча Энергетика министрлиги маалымат таратышкан.