Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева саммитке катышуу үчүн Түркияга кетти

Бүгүн, 19-ноябрда КРнын Жогорку Сотунун төрайымы Феруза Жамашева Жогорку Соттордун Эл аралык II соттук процесстеги ачыктык саммитине катышуу үчүн Стамбул шаарына учуп кетти. Феруза Жамашева саммитте Кыргызстандын сот тутуму тууралуу баяндама жасайт. Эл аралык саммитти Түркиянын Кассациялык соту жана БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын Түркиядагы өкүлчүлүгү уюштурууда. Саммит 2013-жылдын 20-ноябрынан 23-ноябрына чейин өтөт. 

Иш-чарага Ооганстан, Монголия, Орусия, Индонезия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Азербайжан, Лаос, Малайзия, Мьянма, Непал, Вьетнам, Бангладеш, Грузия, Таиланд, Филиппин, Жаңы Зеландия өлкөлөрүнүн Жогорку Сотторунун төрагалары катышмакчы.  

Соттук процесстеги ачыктык боюнча эң жакшы тажрыйба боюнча бет ачарлар, соттук процесстеги ачыктык декларациясынын долбоорун кароо маселелери, докладдар тартууланып, талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан