3, 6 жашар кыздар жана 5 жаштагы бала каза болду. Ысык-Көлдө турак үйдөн өрт чыкты

Ысык-Көлдө турак үйдөн өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен 3 бала каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, өрт бүгүн, 29-декабрда катталды.

"Күндүз Ак-Суу районунун Каракол айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү. Өрттү өчүрүүгө саат 15:16да 1 бөлүм тартылып, өрт саат 16:20да чектөөгө алынды. Өрттүн кесепетинен 3 бала (2018-жылы туулган М.И., 2015-жылы туулган М.А. (кыздар) жана 2016-жылы туулган М.Ю. аттуу бала) каза болду. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
surgeon777
2021-12-29 20:01:24
Жайлары Жаннаттан болсун,ата-энесине сабыр берсин.
+5
Omyke
2021-12-29 20:29:30
Аллахым Бейишин берсин
+5
rahat73.
2021-12-29 20:42:36
Каап жаман болуптур не деген кырсык ата энесине өтө кайгыруу менен көңүл айтабыз
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан