Баткенде 3 эм төрөлгөн балдарга жаңы жылдык иш-чара уюштурулду. Президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жеке демилгеси менен аймактагы 3 эм төрөлгөн 6 үй-бүлөнүн балдарына жаңы жылдык белектер берилди.
"Жаңы жыл майрамын өзгөчө балдар аруу тилек менен күтөрүн, аларга майрамдык маанай тартуулап, ар дайым көңүлдөрүн көтөрүп туруу керектигин айтып, балдарга өзгөчө күңүл бурулаарын билдирди. Өз кезегинде 3 эм балдардын ата-энелери облус башчысына жаңы жылдык белек тартуулап, көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдиришти", - деп айтылат билдирүүдө.
Бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында 6 үй-бүлөдө 3 эм төрөлгөн 18 бала бар дешет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн.