Бүгүн, 29-декабрда парламент имаратында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өттү.
Андан кийин депутаттардын жыйыны болуп, парламенттин спикери тандалды. Жыйында "Ынтымак" саясий партиясынан депутат Эрулан Кокулов айрым кесиптештерин жемеге алды.
"Ушул жерде депутаттар жадакалса калеми, кагазы жок отурасыңар. Кабинетиңердин ачкычын ала албай жатыпсыңар. Силер эл өкүлүсүңөр да. Силер кабинетиңердин ачкычын ала албай калганыңарга ким күнөөлүү? Алгыла ачкычыңарды. Бул жакка иштегени келдик, туугандар. "Бизге мындай унаа керек эле, андай-мындай" деген сурооңорду токтоткула! Унаасы жок иштегем. Тезирээк бүтүрөлү", - деди ал.