Түштүк Кореянын Президенти Пак Кын Хе КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу учурунда
“Кыргызстандагы
этникалык корейлер эки өлкөнүн байланышуусун камсыздап турушат” деп
билдирди. Ал Кыргызстанда 20 миң корей
улутунун өкүлү жашаарын айтып, алардын эки мамлекеттин кызматташтыгын өнүктүрүүдө кошкон салымы сыймыктанар нерсе экенин
кошумчалады.
“Кореянын жаңы өкмөтү
Евразия мамлекеттери менен саясий кызматташтыкты бекемдөө маселесинин үстүндө
иш алып барууда. Бүгүнкү жолугушуу кийинки кызматташтыкта жакшы пайдубал болот
деп ойлойм”,- деди ал.