Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефон аркылуу кыргыз-орус алакасын талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров орус өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, телефондук сүйлөшүүдө Акылбек Жапаров Михаил Мишустинди келе жаткан жаңы жылы жана рождество майрамы менен куттуктады.

Акылбек Жапаров белгилегендей, өтүп бара жаткан жыл кыргыз-орус мамилелери үчүн жемиштүү жана эки өлкө үчүн маанилүү окуяларга жана саясий байланыштарга бай жылдардан болду.

Ошондой эле пикир алышуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан