Гүлшан Молдоева менен Асылбек Өзүбеков Эл артисти наамын алды (толук тизме)

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн "Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамын төмөнкүлөр алышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Төмөндө "Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамын алгандардын толук тизмеси:

Жайчиева Бегайымга

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Кыргыз радиосу” радиостанциясынын режиссеру;

Жумалиев Турусбек Канатбековичке

режиссер, актер, “ТV-1 Ракета-Медиа” телекомпаниясынын алып баруучусу;

Исаков Алымкул Доорановичке

Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрынын директору;

Кускаков Кайымбек Казиевичке

А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хор солисти;

Маматова Кулбара Казакбековнага

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын камералык хорунун жогорку категориядагы башкы хормейстери;

Марусич Александра Евгеньевнага

Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын жогорку категориядагы артисти;

Молдоева Гулшан Абыкаевнага

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият-Тарых-Тил” телеканалынын жана “Кыргыз радиосу” радиостанциясынын алып баруучусу;

Муратов Исабек Алибековичке

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын
К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти;

Өзүбеков Асылбек Абазовичке

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору;

Таджибаев Реджабайга

Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын артисти;

Эркимбаев Джолдош Асанович

М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын жогорку категориядагы артисти;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
uz.nookat
2021-12-31 11:48:01
Булар качан эле бериш керек эле
+6
nazira...
2021-12-31 12:35:45
Бактыбек Мамытов алган беле, тизмеде жок го.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан