КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов Ош жана Баткен облусундагы чек ара бекеттерине жана Барак анклавына барат. Муну өкмөттөн билдиришти. Мамытов чек ара бекеттериндеги кызмат өтөөнүн шарты жана кышка даярдыгы менен таанышып чыкмакчы. Анын Барак анклавына барып, учурдагы кырдаал менен таанышуусу да күтүлүп жатат.