Ош. Суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн Европа өнүгүү банкы 8,550 миллион евро бөлөт

Бүгүн, 19-ноябрда Ош шаардык мэриясында 2013-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча шаар башчысы Мелис Мырзакматов жана тиешелүү жетекчилердин катышуусунда жыйын болуп өттү. Күндүн негизги темасы Жаңы жылга даярдык көрүү, шаар көчөлөрүндөгү унаа тыгындары, жылуулук жана автобус, троллейбус каттамдарын жакшыртуу болду.  

Шаардык суу чарба ишканасынын жетекчиси Дөөлөтбек Көкөчөровдун айтымында, шаардагы суу түтүктөрүн алмаштырууга, суу сактагычтардагы оңдоп-түзөө иштерине Европа өнүгүү банкы келерки жылга 8,550 миллион евро бөлүүдө. Мелис Мырзакматов “Ош шаарынын жылуулук системин жакшыртуу” тууралуу токтомун аткаруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан