SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылынын тургуну кайрылды.
Окурман Төмөнкү Ала-Арча айылында автобус жок экенин айтты.
"Төмөнкү Ала-Арчада автобус жок. Окуучулардын мектепке барып, келүүсү кыйын болуп жатат. №17 автобус жүрүп жакшы болуп калган, кайра алып салышты. Киргизская көчөсү менен автобус жүрсө жакшы болот эле", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.