Бүгүн, 19-ноябрда Кореянын Сеул шаарынын «Көк сарайында» Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Түштүк Кореянын Президенти Пак Кын Хе жолукту. Иш-чарага кыргыз тараптан биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев, Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, КРнын аталган өлкөдөгү элчиси Дүйшөнкул Чотонов, БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов, энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев жана башкалар катышты.