Тимур Файзиев экологиялык "Асман" шаарын курууну жетектейт


2022-жылдын жаз мезгилинде Ысык-Көл облусуна экологиялык "Асман" шаары курулары кабарланган. Аталган шаарды куруу долбоорун буга чейин коррупцияга шектелген "Элит Хаус" курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиев жетектейт. Ишкер бул туурасында социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Тимур Файзиевдин айтымында, долбоор боюнча шаар жарым миллион адамга эсептелген. Келечекте 1 миллионго чейин өсүүсү күтүлүүдө. Долбоорго бир нече инвесторлор кошулуп, алар менен иш башталган. Элит Хаустун ээси "Асман" шаарынын курулушун ишке ашыруу үчүн кеминде 10 миллиард доллар талап кылынарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Тимур Файзиев коррупцияга, Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шектелген. 2021-жылы 27-майда Биринчи Май райондук соту Тимур Файзиевге карата сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.
Андан кийин Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Кийинчерээк, ишкер өлкөдөн сыртка чыгып кайра кайтып келгени кабарланган. Андан соң Башкы прокуратура Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Antiradikal10
2022-01-03 18:54:10
Жапаровдун дагы бир популисттик кадамы......

Казынада артыкбаш 10 миллиард доллар болгон болсо

Биринчи Кыргызстандын тышкы карызын, айрыкча Кытайга болгон карызды кайтаруу керек.

Экинчи олкого ГЭСтерди куруу керек.

Учунчу чек араны тактап зым тартуу керек.

Мына ошондо да ашып калса, оорукана, бала-бакча, мектептерди куруу керек......

Мына ушулардан акча ашса гана популисттик кыялдарга берилсе болот "колхоз" Жапаров
+13
Take-72
2022-01-03 19:22:36
Antiradikal10,казынада акча жок ача.Бут инвесторлор аркылуу чогулат
-6
Antiradikal10
2022-01-03 19:38:29
Take-72, инвестор десе сыйкырчы деп тушунот окшойсунар? Мына мисалы Центерра Голд инвестор болчу. Бут алтындарыбызды талап тоноп кетти. Олкодогу Кумтордон башка алтын кумуш кендеринде толтура кытай, казак, турк, орус, еврей инвесторлордун компаниялары иштеп жатат. Ошолордун колу менен ар жылы миллиарддаган доллар турган алтын-кумушторду уурдап жатат. Мына ошолорду иретке келтире албай жатып жаны чон афера баштаганы турасынарбы? Эмне, инвесторлор бекер куруп берет бекен шаарды?!
+11
Antiradikal10
2022-01-03 19:43:22
Take-72, 600 долларлык кычкач, 1800 долларлык огнетушителдерди бат эле унуттунарбы? Инвесторлор шаар курса, кычкачын дагы 500-600 доллардан эсептеп шаар курат. Шаар курууга 5 миллиард доллар кетсе, сметада 50 миллиард корсотуп, 45 милоиард долларды инвесторлор менен Жапаров, Ташиевдер болуп алышат. Элдин акчасы жетпей жатат деп карыз кылып жаздырат. Бул 30 жылдагы эн чон афера болот. Эртен кайра эле эл толошу керек болот жебеген самсага акчаны... Ойлон, КЫРГЫЗ, ОЙЛОН!
+9
patriot.kg94
2022-01-03 20:15:19
Antiradikal10, эмнеге ошо маалда айтып чыкпадын ошолорду же эми ойгондунбу?
+3
Antiradikal10
2022-01-03 20:18:32
patriot.kg94, мен айтып жургондо Ташиев экоон оозунарга талкан салып отургансынар ..........
+4
patriot.kg94
2022-01-03 21:04:49
Antiradikal10,бир жузунду корсотчу телефондун артына бекинип алып ар нерсени жаза бербей коркпосон
-1
Antiradikal10
2022-01-03 18:57:37
Ал эми коррупция боюнча шектелип жатса, СИЗОго камалышы керек, сотто акталмайынча эч кандай кызмат сунушталбашы керек.....

Жапаров менен Ташиев коррупция менен курошуп жатабыз деп кокурок какканы менен, тоок, кой-мал, жылкы, телефон уурдаган камалып жатат, миллиондогон пара алган, пара бергендер алгач дароо уй камагына которулуп, арадан 1-3 ай отуп акталып кетип жатат. Бул эмне деген маскарачылык?!

+5
Antiradikal10
2022-01-03 19:01:45
Соттолуп куноосу далилденген таможенниктер болгону штраф толоп кутулуп жатат. Бир канча мин сомдук телефон же кой, мал уурдаса алар штраф толобой эле камалат да, миллиарддарды уурдаса эмнеге камалбайт?! Эмнеге мисалы Раим миллион, Ражабалиев, Боронбаев камалган жок? Алар Кытайда болгондо дароо атууга кетмек. А бизде Боронбаев менен Ражабалиев соттуулугу жоюлбай жатып шайлоого катышып Ражабалиев депутат болуп жатат. Кана акыйкаттык?! Кана мыйзам иштегени?
+1
Antiradikal10
2022-01-03 19:03:59
Раим жонокой жигит деп кошомат кылып журуп Ташиев озу эле бошотуп алды Раим миллионду.

Элге тоодой убада берип бирок баарын тескери жасаган Жапаров менен Ташиевке мин наалат болсун!!!!!!!!!

Эмнеге телефон, кой, тоок уурдагандар камалып, миллион-миллиарддарды уурдаган Раим миллион, Жээнбеков, Файзиевдер акталышы керек?!
+4
Goodyer
2022-01-03 19:16:20
Кыргыздан жок бекен башкара турган. Озбеке берипсинер
+4
KG_CH
2022-01-03 20:54:37
Goodyer, менин оюмча бул татар болсо керек эле
+6
Antiradikal10
2022-01-03 19:47:54
Озу кыргызга акыл кирбейт экен да... Тарыхтан сабак албайт экен...... Ар бир ири проект ото чон коррупциялык афера дегенди тушундурот. Мына жакынкы эле тарыхты карайлы. Датка Кемин электр чордонун курууда жуздогон миллион долларлар уурдалды. Мына, экинчи алтернативдик Ош-Бишкек жолу курулуп жатат. Ошол жол курган компаниялар 1 кг цементтин баасын 1 доллардан корсотуп жатканын мындан бир нече жыл илгери журналисттер жазып чыгышкан.
+7
Antiradikal10
2022-01-03 19:54:28
Ушул жолду курууда эле дагы жуздогон миллион долларлар уурдалды. Деги ар бир жол курууда, ар бир копуро салууда акча уурдалбай таза буткон иш жок. Кечээки эле Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо смета боюнча 300 миллион доллардан ашуун акча кетти деп корсотулгону менен, чын-чынында ошол акчанын 200 миллиондой доллары уурдалып кеткен, кычкачты 600 доллардан корсотуп мисалы.

+4
Antiradikal10
2022-01-03 20:03:49
Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо канча акча уурдалганы боюнча элдин, коомчулуктун эмдигиче маалыматы жок. Бийлик канча акча уурдалганын ачык айтпай келет. Журналисттер, эксперттер болжолдуу 100-200 миллион доллар уурдалган деп жатышат. Бишкек ТЭЦи боюнча он чакты чиновниктер камалганы менен, аларды бийлик кустурган жок. Досрочно кое беришти баарын. Биздин бийлик менен кытайдын куруучу компаниясы уурдаган 200 миллиондой долларды эл толой турган болду, тышкы карызга жазылып.
+5
Antiradikal10
2022-01-03 20:04:15
Эми бул проект башталчу болсо ондогон миллиард долларлар уурдалат. Ойгон, кайран гана мурдуна бок суйколгон кыргыздар! Кайран Докем айткан создор арадан бир кылым отсо да актуалдуулугун жоготпойт. Жердешчилик, уруу-уруу ж.б. болуп болунуп, ал же бул бийликке пахта коюп журуп Докем айткандан бери да 20 жылда жуздогон тонна алтын-кумуштон кол жууп, ата-бабаларыбыз мурас кылган байлыктарды тонотуп, ал аздай миллиарддаган доллар карызды мойнубузга илип отурабыз!
+6
Antiradikal10
2022-01-03 20:16:49
Бийликтин дакансалары Жапаров менен Ташиев Кыргызстандын жарымын Кытайга кармата салса да колдой беришет. Чындыкты козго сайып корсотуп турсан да, Жапаровго соз тийип калды деп кучун минус басуудан, жекеликке асылып дооругондон чыгарышат... )))))))))
+8
Sardarakam
2022-01-03 23:48:19
Antiradikal10 Сен көп комментарий жазып жаман нааразы болдуңго, Элди өзүңүн оюңа бурдурууну амалын издеп көздөп жатасың, Сен Россиянын атайын жалдаган интернетте отуруп алып комментарийлерди жазып элдин башын айландырып иштеген шпион адам окшойсуң. Кыргызстандын өнүгүшүнө бут тосуп иштейт окшойсуң сен кыргызчаны мыкты билген орус адам окшойсуң.
0
Antiradikal10
2022-01-04 00:05:43
Ха ха ха ))))))))))))

Фантазиян укмуш го. Туура, орусмун. Бирок Америкада жашайм... )))
+4
Sultan22u
2022-01-04 00:14:34
500жүз мин адамды каяктан табат екен же кытайлар келе баштайбы 10миллиярд доллар карыз алса ыссык көлдү кытайга өткөрүп берет екенда
+2
suban78
2022-01-04 04:56:18
Инвестороор куруп жатат гоо...
Алар тобокелге барып акчасын салып жатышат. Кыргызстан андан эч нерсе жоготпойот, пайда гана корот. Дубай кандай онугуп кетти, Кытай жарды олко эле, инвесторлор которду экономикасын. Билимсиз кытайдын колунан эмне келмек эле?
Файзиевдин бизнесин талашып куноо коюшкан, ал ишкер адам. Тоок сойсо да устасы сойсун.
-5
bosmos77777
2022-01-04 10:44:25
suban78, Каржы салгандар тез кайра ,акчасын эки эсселеп алуусу керек. Кыргыздын окмотуно келишимине карабайт. Алар каалаган нерсесин кылышат. Кумтор мисал. Кыргыз мамлекетинде коптогон доолборлор каржылык насыялар менен иш алып барылган. Кыргыз жана аны башкаргандар сабак алышы керек эле. Антпестен.Кайра ошол баткак,сазга баратышат. Файзи Кыргыздын жараны бирок анын каны Кыргыз эмес. Кыргыздын табияты жэ Эли азап чексе. Баарын таштап качып кетет.Мыйзамсыз иштери коп
+1
elkeev
2022-01-04 10:40:13
Birinchi kytaidyn karyzynan kutulgulachy dalboebtor!!!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан