Ар улуттун өзүнө таандык жыл узатуу жана жыл тосуу салттары бар. Жаңы жыл майрамы башка өлкөлөрдө кандай белгиленет жана биздегиден кандай айырмачылыктары бар? Бул тууралуу чет өлкөдө окуп, иштеп жүргөн мекендештерибиз менен байланышып кызыктуу маалыматтарды топтодук.
- Германияда Жаңы жылды бий, музыка жана фейерверктер менен шаңдуу тосконду жакшы көрүшөт. Бул майрам 31-декабрь болгону менен даярдыктар алда канча эрте башталат. Жаштар ресторан, клуб, бар жана ушу сыяктуу көңүл ачып, эс алуучу жайларда өткөрүшсө, ал эми улуулар арасында театр, Жаңы жылдык балл популярдуу. Жаңы жыл күнү дээрлик ресторан, клубдардан бош орун табылбайт. Ошондуктан алдын ала брондоп коюшат. Мындан сырткары ар ким өз үйүн майрамдык жасалгалар менен кооздоп, балатыны орнотушат. Мындай аракеттер Жаңы жылга 1 ай калганда эле башталат.
Биздин өлкөгө окшоштугу - шаңдуу атмосферада тоскондугунда деп ойлойм. Немис эли биз сыяктуу салют атып, жагымдуу музыканын коштоосунда тосконду жакшы көрүшөт. Ал эми айырмасы - биз сыяктуу Жаңы жыл күнү бири-бирине белек берип куттукташпайт. Себеби Германияда кыш мезгилиндеги майрам Рождество болуп эсептелет. Бул майрамды 25-декабрда майрамдашат жана негизги белектер берилет. Ал эми Жаңы жылда бири-бирине куттуктоо айтышып, ийгиликтер болсун деп эстеликке көлөмдүү эмес белектерди беришет. Негизи Рождество үй-бүлө мүчөлөрүнүн коштоосунда майрамдалса, ал эми Жаңы жыл майрамы дос-тааныштар менен биргеликте белгиленет.
- Саламатсыздарбы! Эң биринчиден баарыңыздарды жаңы 2022-жылыңыздар менен куттуктап кетким келет! 2018-2019-жылдары Кытай өлкөсүнүн Шанхай шаарында билим алып жатканда биринчи жолу Жаңы жылда үй-бүлөмдөн алыс болдум. Биздин өлкө жана Жаңы жылды белгилеген башка өлкөлөр бул майрамга бир айлап аябай даярданып, чыдамсыздык менен күтүп майрамдашса, кытай эли бул майрамга көп деле маани беришпейт. Бирок Кытайда окуп, иштеп жаткан башка улуттардын саны көп болгондуктан Рождество дагы, Жаңы жыл дагы белгиленет. Мисалы, бул майрамдарга карата мекемелердин ичи кооздолуп, ар кандай жарманкелер, көзгөзмөлөр уюштурулат. Кытайда Жаңы жылды үй-бүлө, достору менен белгилешет. Шанхайдын тургундары Nankin Road деген көчөдө сейилдеп, Waitan (The Bund Shanghai) деген жерге чогулушуп, Жаңы жылды ошол жерден дагы тосушат. Салт боюнча Жаңы жыл күнү бул жерде шоу уюштурулуп, караңгы асманда спектаклди көрүү үчүн миңдеген шаардыктар келишет. Көптөгөн кооздолгон пароходдор дарыяны бойлоп сүзүп, имараттар ар кандай жарыктар менен кооздолуп, "Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен!" деген куттуктоолор имараттарда пайда болуп турат. Саат түнкү 12 болгондо баары бири-бирин куттуктай башташат. Шаардын Вайтань деп аталган аймагында Жаңы жыл тоскондор көптөгөн позитивдүү эмоцияларды ала алышат.
Негизи кытай эли Жаңы жылды Ай жылнаамасы боюнча белгилешет. Кытай Жаңы жылы (Жаз майрамы деп дагы коюшат) эң ири жана узак майрам болуп эсептелет жана "Чхун Жие" деп аталат. Бул майрам быйыл февраль айынын биринчи күндөрү башталып, жарым айга чейин созулат. Эң кызыктуусу, быйыл кытайлыктар Ай жылнаамасына ылайык, 2022-жылды эмес, 4720-жылды белгилешет. Жаз майрамын үйдө бүтүндөй үй-бүлө менен белгилөө салтка айланган. Тагыраагы, чоң шаарларда иштегендер бул майрамда кичи мекенине кайтып келип, үй-бүлөсү менен чогуу белгилешет.
Бардык үйлөр кылдаттык менен тазаланып, эшикке кызыл-алтын болгон fu (福 - бакыт) иероглифтери илинет. Бүт үй-бүлө үчүн чүчпара жасоо салт болуп саналат. Алардын бирине тыйын салып койгондору да бар. Бул сюрпризди алган адам үчүн жыл өзгөчө ийгиликтүү болот деп ишенишет. Балдарга же улуу муунга (Hong bao 红包) кызыл конвертке акча салып белек катары берүү да салтка айланган.
Ажыдаар бийи жана арстан бийи байыркы замандан бери Кытайда майрамдык салтанаттардын ажырагыс бөлүгү болуп келген. Ошондуктан Жаз майрамын белгилеп жаткан учурда көчөлөрдө ажыдаар жана арстан бийлерин да көрсө болот. Бий жергиликтүү тургундардын желектерди кармап, барабандын кагуусу жана сурнай тартуу менен коштолот.
Улуттук майрамдар саякаттоонун бир жолу. Ошондуктан майрам башталганда эле кытай эли башка өлкө, Кытайдын башка шаарларына дагы саякат жасашат.
Негизи кытайлыктар Chun jie (春节) майрамына чоң маани берип, аябай даярданышат. Тилекке каршы, мен Кытайдан Кыргыз жергесине январь айында келгем. Ошондуктан кытайлыктар менен чогуу болуп, алардын Жаңы жыл, башкача айтканда Жаз майрамын белгилегенин өз көзүм менен көрө албай калдым. Бирок бир күнү чек ара ачылып, Кытайга кайра барганда бул майрамдын кандай белгиленерине күбө боло алам деген үмүтүм чоң.
- Мен Түркиянын Конья шаарында турам. Бул шаардын калкы көбүнесе Жаңы жылды майрамдашпайт. Ошондуктан досторубуз менен бирге деңиздин жээгиндеги шаарга барып Жаңы жылды тосуп келдик. Ал жакта бул майрам үчүн атайын мейманканалар иштейт. Ошондой мейманканалардын биринде болдук. Ал жакка Жаңы жылды тосуу үчүн чет өлкөдөн жана Түркия ичинен элдер келишет. Атайын уюштурулган майрамдык иш-чараларда мейманканада туристтер үчүн шаан-шөкөт уюштурулат. Ушул сыяктуу туристтик шаарларда балаты коюлуп, майрамдык маанай тартууланат.
Негизинен Түркиянын аймактарын шарттуу түрдө светтик жана консервативдик деп бөлүп караса болот. Салыштырмалуу светтик аймактарда жана чоң шаарларда Жаңы жыл майрамдалат. Ал эми консервативдик аймактарда жана кичине шаар, айылдарда бул майрам белгиленбейт. Мамлекеттик деңгээлде Жаңы жылдык иш-чаралардын өтүшүнө буга чейин күбө боло алган жокмун.