Алгач нааразычылык акциясы 2-январда Мангистау облусунан башталган. Митингге чыккандар газдын баасын 60 теңгеге түшүрүүнү талап кылышып, Жанаозен шаарындагы облустук администрациясынын алдына келишкен. Анда алар унаа өтүүчү жолдорду да тосушкан.
Көп өтпөй Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев билдирүү жасаган. Ал өз билдирүүсүндө бул маселени чечүү үчүн өкмөткө тапшырма бергендигин билдирген.
"Мен өкмөткө Жанаозендеги кырдаалды тез арада экономикалык максатка ылайыктуулугун эске алуу менен укуктук талаада кароону тапшырдым. Митингге чыккандар коомдук тартипти бузбашы керек. Жарандар жергиликтүү жана борбордук бийлик органдарына өз талаптарын ачык айтууга укуктуу, бирок бул мыйзам чегинде", - деген Токаев.
Анткени менен казак калкы митингди токтоткон жок. 3-январда Жанаозен шаарынын жашоочуларынын катарына Актау, Курык, Акшукур аймактарынын да тургундары кошулду. Президент Касым Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен бааны жөнгө салуу боюнча атайын комиссия түзүлдү. Комиссияга премьер-министрдин орун басары Ералы Тугжанов төрагалык кылары жазылат казак басылмаларында.
Казакстандын ири шаарлары Нур-Султан менен Алматыда да мындай нааразычылык акциясына топтолгондор бар. Алматыдагы аянтка кетчү жолдор жабылган. Казакстан Демократиялык партиясынын лидери (катталган эмес) Жанболат Мамай жана анын тарапташтары Жанаозен, Актау, Курыктагыларды колдоо максатында митингге чыгышкан.
Нур-Султан шаарында да нааразычылык акциясына топтолгондор болду. Айрым маалыматтар боюнча, аталган шаардагы 8 демонстрантты полиция кармап кеткен. "Азаттык" радиосунун Казакстандагы бюросунун журналисттери аталган шаардан түз эфирге чыгышты. Анда таксисттер жана жүк ташуучулар иштеген жайда да эл топтолуп жатканын көрүүгө болот. Айрым маалыматтар боюнча, нааразычылык акциясы башталгандан тартып полиция 70тен ашык адамды кармаган.
Ушул тапта Караганда шаарында да 200дөй адам Жанаозен шаарында митингге чыккандарды колдоо максатында топтолуп жатканы маалымдалат казак басылмаларында.
Өз учурунда өкмөт газга болгон бааны арзандатуу болорун айтууда.