Өлкөдө асыл тукум жаныбарларды көбөйтүү үчүн жасалма уруктандыруучу жабдыктар алынып келинет

Бишкекте бүгүн, 19-ноябрда маалымат жыйында айыл чарба жана мелиорация министринин алдындагы Селекциялык асыл тукум борборунун директору Баялин Байтемиров мүйүздүү мал этин жакшыртуу боюнча аракеттер тууралуу маалымат берди.
 
“Түрк өкмөтүнүн жардамы менен жасалма уруктандыруу үчүн атайын жабдыктар сатылып алынды. Жаныбарлардын жакшы тукумдарын сатып алгандан кийин жабдыктар бүткүл өлкө боюнча таратылат. Жаныбарлардын бардык түрү өсүп жатат. 1990-жылы мүйүздүү ири жаныбарлардын саны 1 миллион 200 миң болсо, бүгүнкү күндө көрсөткүч 1 миллион 350 миңди түзөт”,- деди ал. 
 
Ар бир түрдүн асылдыгын сактоо үчүн аракеттер жасалып жаткандыгын айтып, учурда ар бир облуста асыл тукум жаныбарларды сатып алуу боюнча атайын чарбалар түзүлгөнүн кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан