Аджман Эмиратынын башкаруучусу Кыргызстанга 5 миллион доллар кайрымдуулук кылды

БАЭнын Аджман Эмиратынын башкаруучусу Кыргызстанга 5 миллион доллар кайрымдуулук кылды. Бул тууралуу “Республика” фракциясынын депутаты, вице-спикер Чолпон Султанбекова бүгүн, 19-ноябрда маалымдады. Анын айтымында, бул акчага Баткен облусунун Кадамжай районундагы оорукананын оңдолушу жана ал мекеменин жаңы заманбап медициналык каражаттар менен камсыздалышы күтүлүүдө. Учурда кайрымдуулукка берилген акчаны алуу үчүн документтер даярдалып, келишимге кол коюу жоболору такталууда.  

Белгилей кетсек, оорукананы оңдоо үчүн акча тартуу "Human Appeal International" Эл аралык уюмунун көмөгү менен ишке ашып, 23-ноябрда аталган кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын жетекчиси Али Айоуб каражатты которуу үчүн Дубайга жөнөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан