Казакстандагы массалык башаламандыкка байланыштуу тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдөн чыгып кетүүгө даяр. Мындай маалыматты Орусиянын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен бир катар чет элдик басылмалар жазышууда.
Казакстандын Коопсуздук кеңешинин бүгүн, 5-январга чейинки төрагасы Нурсултан Назарбаев дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө даяр. Азырынча мындан башка маалыматтар тактала элек.
Белгилей кетсек, Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө башаламандык орун алды. Бүгүн, 5-январда казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, башаламандык дагы деле уланып, бир катар имараттарды басып алышты.
Абал курчуганына байланыштуу Назарбаевдин кызы менен күйөө баласы дагы өлкөдөн чыкканы айтылды.