Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы Кыргыз жарандарын чыр-чатактуу окуяларга катышпоого чакырды

Казакстанда болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда жүргөн Кыргыз жарандарын мыйзамдарды сактоого, чагымчылдыкка алдырбоого жана кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого чакырды.

"Казакстан Республикасында акыркы кезде болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын аймагындагы мекендештерибизге өлкөдө жүрүүнүн мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбай, жашаган жеринен алыс чыкпоого чакырат. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчилиги жана Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте азыркы кезде Казакстанда болуп жаткан окуяларды үзгүлтүксүз байкоодо жана Кыргыз диаспоралык уюмдар менен тыгыз байланышууда.

Кыргыз-Казак көзөмөл-өткөрмө пункттары кадимки штаттык негизде иштеп жатат, зарыл болгон учурда мекенине кайтууну каалаган Кыргыз жарандары Кыргыз-Казак чек арасынан тоскоолдуксуз өтө алышат. Кыргыз Республикасынын ТИМнин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргыз мамлекетинин Казакстандагы элчилигинде жана Алматы шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн Башкы консулдугунда ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат, ал номерлер аркылуу Казакстандын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук-укуктук жардам алуу боюнча бардык суроолору менен кайрыла алышат.

Кыргыз Республикасынын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000

- ыкчам байланыш номери

+996 555 007 626

+996 708 52 21 37

+996 707 989 895

+996 709 983 465.

Кыргыз Республикасынын Нур-Султан шаарындагы элчилиги

+996 (772) 454-444;

Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу

+7 (777) 037-14-48

+7 (777) 815-00-72", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан