Садыр Жапаров ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Мамлекет башчысы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөн.
Лидерлер Казакстан Республикасындагы учурдагы кырдаалды талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров коңшу өлкөдөгү болгон адам курмандыктары, көптөгөн талап-тоноочулук жана башка фактылар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди.
Тараптар ЖККУнун уставына ылайык, кризистик кырдаалды жөнгө салуу боюнча коопсуздукту камсыздоонун бирдиктүү позициясын талкуулашты.