Түркия тараптын демилгеси менен бүгүн, 6-январда президент Садыр Жапаров жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул туурасында президенттик администрациядан кабарлашты.
Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун келечегин, ошондой эле региондогу азыркы кырдаалды, анын ичинде Казакстандагы окуяларды талкуулашты.